Ысык-көлдүн кызгалдактары

Википедия дан
Ысык-көлдүн кызгалдактары
Жанры

истерн

Режиссёру

Болотбек Шамшиев

Сценарийдин
автору

Василий Сокол
Юрий Сокол
Ашим Жакыпбеков

Башкы ролдордо

Сүймөнкул Чокморов
Советбек Жумадылов
Борис Химичев
Амина Өмүрзакова
Алиман Жанкорозова
Айтурган Темирова
Гунта Виркава

Оператору

Виктор Осенников

Композитору

Михаил Марутаев

Кинокомпания

Киргизфильм

Узактыгы

100 мүнөт

Бюджети

600 миң руб.

Өлкө

СССР желеги СССР

Тили

Кыргызча
Орусча

Жылы

1972

IMDb

ID 0174464

«Ысык-Көлдүн кызгалдактары» — советтик тасма, кинорежиссёром Болотбек Шамшиевдин[1] 1972-жылы «Киргизфильм» киностудиясында тартылган тасмасы.

башкы идеясы Александр Павлович Сытин аттуу жазуучунун «Тянь-Шань контрабандисттери» аттуу 1927-жылы жарыкка чыккан китебинин негизинде жаралган. «Тянь-Шань контрабандисттеринде» 1920-жылдары Сытин өзү кызмат өтөгөн Ысыккөлдүн жээгиндеги чегара бөлүгү сүрөттөлүшү. Тасманын бет ачаары 1973-жылы 16-апрелде болгон. Тасманы 11,3 млн. көрүүчү көргөн.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма Ысык-Көл аймагындагы окуя сүрөттөлөт. Эски феодалдык бийлик кулап, социалдык бийлик али күчүнө кире элек мезгил. Бул кезде Көлдө апийим өстүрүү күчөп кетет. Чет элдиктер ордуна алтын берип, кыргыздардан апийим алып турушат. Ошондуктан, бул аймактын көпчүлүк тургундары мал-жан, эгин-тегин сыяктуу тиричиликтерин токтотуп, апийим өстүрө башташат. Чегарада болсо кантрабандага каршы чегарачылар турушат. Бирок, чегара канчалык бекем болбосун, апийим ташыган контрабанда өнүгө берет. Бул иштин башында ким тураары белгисиз. Тасманын негизги каарманы 'Карабалта' контрабандистти кармайм деп катуу аракет кылат. Бирок алар Карабалтаны совет бийлигине жаман көрсөтүп, натыйжада, Карабалта өзү жайган торго ак жерден өзү түшүп калат. Кийинчерээк Карабалта издеп жүргөн контрабандист ошол эле айылдын тургуну, медициналык керек­төөлөргө жумшоо үчүн апийим кабыл алуучу бөлүмдүн башчысы Байзак болуп чыгып, бети ачылат. Тасманын негизги каармандарынын бири Калмат – чоң жана атактуу кыргыз уруусунан. Октябрь революциясына чейин падышалык бийликтин куугунтугуна туш болгондуктан, уруусу менен адам көзү көрбөгөн тоого көчүп кеткен. Эски бийлик кулагандан кийин да алар тоодо жашоосун уланта беришет. Жаңы бийликтин душмандары Калматты апийимге үндөй башташат. Бирок, Калматтын уруусу аларга эмес, чегарачылар тарапка кошулат. Ошондой эле мында Калматтын кызы Каличанын Карабалтага болгон сүйүүсү чагылдырылган.Тасма Калматтын айылга көчүп келиши менен аяктайт, жана акыр түбү чындык, акыйкат жеңет деген философия жатат[2].

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартуучу топ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Болотбек Шамшиеврежиссёру [4]
  • Ашим Жакыпбеков, Василий Сокол, Юрий Сокол — Сценарийдин авторлору
  • Виктор Осенников — Койгон оператору
  • Михаил Марутаев — композитору
  • Алексей Макаров — Сүрөтчүсү

Тасманын тартылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Тянь-Шань контрабандисттеринде» 1920-жылдары Сытин өзү кызмат өтөгөн Ысыккөлдүн жээгиндеги чегара бөлүгү сүрөттөлөт. Чыгармада кыргыз чегарасында кызмат өтөгөн орустар ашыкча даңкталып берилген. Кийин «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген белгисиз сценаристтер бул чыгарманын негизинде сценарий жазышкан экен. Бирок, мында да орус чегарачыларынан эрдиги обу жок макталып, реалдуу турмуш чагылдырылбай калат. Ошол кезде киностудияда редактор болуп турган Ашым Жакыпбеков сценарийди окуп көрүп, жактыра бербейт. Анан Болот Шамшиевге сунуштап, экөө сценарийге турмуштук эпизоддорду киргизип, окуялуу кылып кайрадан иштеп чыгышат. Ошентип, «Ысыккөлдүн кызгалдактары» тасмасы тартыла баштайт. Тасманы алгач «Ыйык көл» деп аташыптыр. «Ысыккөлдүн кызгалдактары» кийинки аталышы экен.

«Ысык-көлдүн кызгалдактары» Жетө­гүз, Жууку, Барскоон өрөөн­дөрүндө алты ай тартылып, ага айыл эли жалпы катышкан. Аттар ар кайсы айылдардан чогултулган. Тасмада колдонулган оюнчук эмес, чыныгы куралдар атайын машинага жүктөлүп көзөмөлдө болуп турган. Тасмадагы Калматтын кызы Каличанын ролуна ылайыктуу кыз табуу бир топ кыйынчылыкты жараткан. Жардамчы режиссёр Темир Дүйшекеев Каличанын ролуна кыз табам деп мектеп, институт, деги барбаган жери, киносынакка ээрчитип келбеген кызы калбаган деп айтылат. Акыры бир күнү кокусунан эле көчөдөн каратору, айчырайлуу Айтурган Темировага жолугуп калганда көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнгөн экен. Тасмадагы Көлдүн жээгиндеги эң акыркы окуяны 1971-жылы 31-январда тартышкан. Сценарий боюнча болсо күз мезгилиндеги окуяны тартыш керек болгон. Табиятты го көлдүн карын тазалап, кумдан чачышып күз айына окшоштурушкан. Бирок, сууга түшүү кыйын болгону айтылат. Себеби, сценарий боюнча Калмат уруусу менен айылга көчүп келгенде ал жигиттери менен «оо, көлүм, сени аман-эсен көрдүк» деп сууга киришмек. Кычыраган кыш мезгили болгондуктан, актёрлордун эч кимиси көлгө кирүүгө батынышпайт. Акыры баарына 300 граммдан арак куюп беришип, сууга түшүрүшөт. Суудан чыккан соң, тиштери тиштерине тийбей калчылдаган актёрлорго дагы 300 граммдан куюп беришип, өздөрүнө келтиришкен экен.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карабалтанын образын жараткан Сүймөнкул Чокморов тасмадагы ар бир күнү үчүн 66 рубль, Каличанын ролундагы Айтурган Темирова 28 рублдан гонорар алып турушкан. Жалпысынан тасма үчүн СССР мамкиносу тарабынан 600 миң рубль бөлүнгөн. Тасма тартылып бүткөн соң, бүткүл союздук кинофестивалда Сүймөнкул Чокморов “Эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн” деген сыйлыкты жеңип алса, Болот Шамшиев Кыргыз ССР Ленин комсомол сыйлыгын алган

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]