Эвапорография
Көрүнүш
Эвапорография (лат. evaporo - буулануу жана ...графия) - жылуулук нурлануусунун жардамы менен объектинин өзүнүн сүрөттөлүшүн алуу ыкмасы.
1929-ж. немец физиги М. Черни сунуш кылган. Эвапорография ыкмасы суюктуктун карартылган мембранадан учуп чыгып вакуум камерасында негизделген. Эвапорография пайдаланылган спектрлердин аймагы аппаратуранын объективи ж. б. элементтеринин касиеттерине, ошондой эле мембрананы карартуучу жабуунун тандалып алынышына көз каранды. Эвапорография караңгыда байкоо жүргүзүүдө жана сүрөт тартууда, нерсенин өздүк нурлануусун каттоодо, температураны аралыктан өлчөөдө жана анын объектинин бетиндеги бөлүнүшүн аныктоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4