Мазмунга өтүү

Эгамбердиева Жумагүл

Википедия — ачык энциклопедия

Эгамбердиева Жумагүл (7.3.1958-ж. т., Терек-Сай айылы) - мамлекеттик ишмер. Ош мамлекеттик педагогика институтун бүткөн (1980).

  • 1975-76-жылдары Сумсар орто мектебинде пионер уюмунун жетекчиси,
  • 1980-81-жылдары Сумсар орто мектебинде пионер уюмунун жетекчиси даярдоо класстарынын мугалими,
  • 1981-88-жылдары орус тили жана адабияты мугалими, окуудан тышкаркы иштерди уюштуруучусу,
  • 1988-2002-жылдары окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары,
  • 2002-03-жылдары №1 Терек-Сай орто мектебинин директору,
  • 2003-05-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары,
  • 2005-08-жылдары Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы,
  • 2008-10-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими,
  • 2010-12-жылдары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары,
  • 2012-14-жылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын милдетин аткаруучусу, биринчи орун басары болуп иштеген.
  • 2014-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн, профсоюз уюмунун, саламаттык сактоонун, маданияттын мыкты кызматкери.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин (2008), Россия Федерациясынын Билим берүү министирлигинин «Ардак грамотасы» ж. б. грамоталар, медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6