Эгембердиев Раимжан

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Эгембердиев Раимжан (21-январь 1940-жыл, Өзгөн району, Ак-Терек айылы) — филология илимдеринин доктору, Манас изилдөөчү. Токмоктогу республикалык маданий агартуу окуу жайын (1961), Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөн (1970).

Кыргыз радиосунда, "Кыргызстан" басмасында редактор болуп иштеген. 1975-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде улук окутуучу. Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүп, ""Манас" эпосундагы фразеологизмдер" деген темада кандидаттык диссертация жактаган (1980).

Эпостогу фразеологизмдер жагдайындагы макалалардын автору.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4