Эгиз-Төр мөңгүлөрү

Википедия дан

Эгиз-Төр мөңгүлөрү — Ички Тянь-Шанда, Жетим кырка тоосунун түндүк капталында Кичи-Нарын дарыясынын сол кумасы. Арчалуу суусунун алабында жайгашкан өрөөн тибиндеги 2 ири мөңгү.

Батышындагы мөңгүнүн уз. 5,5 км, аянты 10,2 км, башы деңиз леңгээлинен 4600 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4050 м.

Чыгышындагы мөңгүнүн уз. 5,0 км, аянты 7,3 км, башы деңиз деңгээлинен 4720 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Эгиз-Төр мөңгүсүнөн башталган суулар Арчалуу суусуна сол тараптан куят.