Эгилме жалбыз

Википедия дан
Жалбыз

Эгилме жалбыз — көп жылдык дары өсүмдүк. Жалбырагынын составында ментол бар. Андан алынган препараттар көңүл айныганда, куску келгенде, жылма булчуңдардын спазмасында, ошондой эле өт айдама, оору басаңдатуучу зат катары, ментол майы муун ооруларында, миозитте, невритте майлоо, сүйкөө үчүн колдонулат. Жалбыз майы сергитүүчү жана антисептикалык зат катары, тиш чайкоочу жана жуугуч күкүмдөргө, пасталарга кошулат, айрым дарылардын даамын жакшыртуу үчүн да пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8