Эглестонит

Википедия дан

Эглестонит - сейрек кездешүүчү минерал, сымаптын гидроксихлориди ((Hg+2)3C130(0H)).

Кристаллы ромбододекаэдр, айрымдары ичке ийнедей чач сымал түспөлгө ээ. Алар тыгыз бүртүк же жука кристаллдык катмар агрегатын түзөт. Гипергенде, сымап кенинин кычкылдануу зонасында сымаптын башка минералдарынын өзгөрүшүнөн пайда болот. Өңү жаны сынган жериники сары, күн нурунун таасиринен ал күрөң, кара түскө өтүп кетет. Морточо Алмаздай, чайырдай жылтырайт, тунук. Катуулугу 2,5, тыгыздыгы 8,31-8,45. Кыргызстандагы Айдаркен сымап кенинде табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4