Эдельвейс

Википедия дан

→← Бириктирүү Эдельвейс жана Мамыр чөп

Leontopodium alpinum.

Эдельвейс, ак маңдай (лат. Leontopodium) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруу. Көп жылдык, бийикт. 5-20 см, жыш ак түктүү чөп. Сабагы бутаксыз, түз өсөт. Жалбырагы сызгычтай же ланцеттей, жээги тегиз, туурасы 3-7 мм, уз. 2-5 см. Чоку жалбырактары саргыч же апакай түстө, жылдыз сымал болуп, бир нече себетчелерин тегеректеп өсөт. Гүлү ак же саргыч , түтүкчөдөй. Э-дин жер жүзүндө 30га жакын түрү Евразияда, Түштүк-Чыгыш Азияда таралган. Кыргызстанда 4 түрү белгилүү, алар деңиз деңгээлинен 2500-3000 м бийиктиктеги тоодогу шалбаада, нымдуу боздөңдө өсөт. Алар өскөн жердеги бардык өсүмдүктөр негизинен жапжашыл болгондуктан, Э. болсо аппак болуп ар кайсы жерден кашкайып, даана көрүнүп турат. Ошого байланыштуу ал эл арасында “Ак маңдай” деп аталат. Европанын көпчүлүк элинде кыз-жигиттин мамилесинин тазалыгынын, актыгынын символу болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]