Мазмунга өтүү

Эдилова Мариям Миталиповна

Википедия — ачык энциклопедия

Эдилова Мариям Миталиповна (19. 3. 1951ж. т., Талас обл., Ленинполь району, Ленинполь айылы) - философ, философия илимдеринин доктору (2001), проф. (2009). Жалал-Абаддагы A. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын (1969), КМУну (1974) артыкчылык дипломдору менен бүтүргөн.

Кыргыз Советтик Энциклопедиясынын Башкы редакциясында редакция башчысы (1975-82), КМУнун Философия кафедрасына караштуу Социологиялык лабораториясында улук инженер (1982-1985), К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин философия кафедрасынын башчысы, тарбия иштери боюнча проректору (1985-2000), Кыргыз Улуттук университетинде профессор (2000-10), Ала-Тоо Эл аралык университетинин проректору (2010-14), 2014-2020-жылдары аталган университетте ректордун кеңешчиси, факультеттер аралык кафедранын профессору. Төрт монографиянын, эки окуу китебинин, үч окуу-методикалык китептин, 100дөн ашык илимий-макалалардын автору.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4