Эжеке бээ саа

Википедия дан
Эжеке бээ саа (eruca)‎»‎ барагынан багытталды)

Эжеке бээ саа (лат. Eruca) - көпөлөктөрдүн курт сымал личинкасы. Жумурткадан өсүп чыгат.

Уз. 1 нече ммден 12 ммге чейин. Боорундагы кыска буттары менен жылып жүрөт. Эжеке бээ саанын (личинканын) башы, 3 көкүрөк мууну жана 10 курсак мууну бар. Оозу кемирүүчү аппараттан турат. Өсүмдүк менен азыктанат. Кээси жырткыч жана мителери да бар. Бир нече жолу түлөгөндөн кийин, куурчакчага айланат. Эжеке бээ саанын жашоо узактыгы бир нече күндөн 2 жылга чейин. Астыңкы эрининдеги бездери жибек суюктугун бөлүп чыгарат, ал абада катып, жибекке айланат. Көпчүлүгү бак, токой жана талаа өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Тыт Эжеке бээ саасынан жибек өндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4