Эзоп тили

Википедия дан

Эзоп тили б.з.ч. 6-кылымда жашап өткөн байыркы грек тамсилчиси Эзоптун атынан калган. Ал кул болгон. Жазган чыгармаларында өз оюн түз бере албай каймана түрдө берген. Бул тамсил жанрына мүнөздүү өзгөчөлүк болуп саналат. Тамсилчилер адамдарды түз мааниде бербей алардын ордуна ар түрдүү жандыктарды, буюмдарды пайдаланышып, аларды адамдар сыяктуу ой ойлоого, сүйлөөгө, психологиялык ар түрдүү кырдаалдарда көрүнүүгө жөндөмдүү кылып көрсөтүшкөн. Мына ушул сүрөттөөнүн ыгы эзоп тили же тамсил тили деп аталып келе жатат. Ошондой эле цензурадан коркуп жашыруун жазылган ар кандай жанрдагы чыгармалар да ушундай аталып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004