Эйлатан шаар калдыгы

Википедия дан

Эйлатан шаар калдыгы - б. з. ч. 7-4 кылымга таандык археологиялык эстелик.

Нарын менен Кара-Дарыянын ортосунда жайгашкан. Археологиялык казуудан табылган керамика комплекси Эйлатан шаар калдыгынын атынан «Эйлатан маданияты» деп аталган. Андагы карапа идиштери керамикадан жасалып, кызыл боёк менен боёлгон. Эйлатан маданиятына мүнөздүү эстеликтер Фергана өрөөнүнүн бардык жерлеринде кездешет. Көрүстөндөрдө чоло идиштер, билерик, шуру, мончок, шакек, төөнөгүч, бычак, скиф тибиндеги жаа огунун колодон жасалган учтары табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4