Мазмунга өтүү

Эйхенбаум Борис Михайлович

Википедия — ачык энциклопедия

Эйхенбаум Борис Михайлович (22. 9. (4. 10) 1886, Красный ш., Смоленек губерниясы - 24. 11. 1959, Ленинград) - советтик адабиятчы, «формалдык мектептин» негизги ишмерлеринин бири, филология илимдин доктору (1936).

1912-ж. СанктПетербург университетин бүтүргөн. С. А. Венгеровдун Пушкин семинариясынын катышуучусу. Орус адабияты тууралуу жана текстология боюнча мыкты эмгектери үчүн СССР ИА Президиумунун чечими тарабынан Эйхенбаумга 1936-ж. адабият таануу илимдин доктору деген даражасы диссертацияны коргоосуз эле ыйгарылган. Эйхенбаумдун изилдөөлөрүндө поэтика маселелерине, адабий процесске (М. Ю. Лермонтов менен Н. В. Гоголь жөнүндөгү алгачкы эмгеги) болгон мамилеси тарыхый жана социалдык жактан терең талданып (Л. Н. Толстой жөнүндө эмгек) филос. өңуттө чечмеленген. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4