Экватордук токой зоналары
Көрүнүш
Экватордук токой зоналары, гилея токойлору - экватор алкагынын табигый зоналары.
Түштүк Америкада, Африкада, Түштүк,Чыгыш Азияда, Океаниянын аралдарында экваторду бойлой (эки тарабында тең) жатат. Өсүмдүктөрдүн вегетациясы жыл бою тынымсыз жүрөт. Жаан-чачын мол жаал, абанын темлрасы дайыма жогору (26-28°С) болот. Дарыяларынын суусу мол. Латериттик күлдүү толурактар мүнөздүү. Зонаны дайыма жашыл түнт токой («жамгыр токою» деп аталган) ээлейт; деңиз жээктери мангр токойлуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4