Экинчи дүйнөлүк согуш

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search
Экинчи дүйнөлүк согуш

Экинчи дүйнөлүк согуш (1-сентябрь 1939-жылы, 2-сентябрь 1945-жылы) ― эки дүйнөлүк аскерий-саясий коалициялардын согушу, адамзат тарыхындагы эң ири согуш болгон. Ал согушта 61 мамлекет катышкан (ошол учурдагы жердин калкынын 80%). Уруш кыймыл аракеттери үч континенттин жеринде жана 4 океандын үстүндө жүргөн. Өзөктүк курал колдонулган жалгыз учур, ушул согуш.

Тарых[оңдоо | булагын оңдоо]

Ага 61 өлкө катышып, 110 млн адам (жер шарындагы калктын 80% ти) тартылган, анын 62 миллиону курман болгон (алардын ичинен 27 миллиону СССРдин жараны). Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышына дүйнөдөгү ири державаларда ортосундагы идеологиялык жана экономикалык карама каршылыктардын курчушу түрткү болгон. Согуштун башкы себеби: Версаль тынчтык келишиминин (1919) шарттары Германия үчүн оорчулук алып келгендиги, А. Гитлердин саясаты жана анын улутчул-социалисттик идеясы, Версаль-Вашингтон системасынын шарттары, дүйнөлүк экономикалык кризис ж. б. Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин түзүлгөн эл аралык мамилелердин Версаль-Вашингтон системасын Германия, Италия жана Япония ири державалардын кызыкчылыгына ылайык түзүлгөн деп таап, чек араларды кайрадан бөлүштүрүүнү талап кылышкан.

Согуштун негизги максаты - фашисттик Германия үчүн бүткүл дүйнөгө өзүнүн үстөмдүгүн орнотууну, ал эми өнөктөштөрү Япония менен Италия болсо дүйнөнү кайра бөлүштүрүүнү көздөгөн. 1930-жылдары Германиянын согуштук-экономикалык потенциялы жана куралдуу күчтөрү тез темп менен өнүгүп, өнөр жай өндүрүшү боюнча Батыш Европада алдыңкы орунга чыккан.

Эгерде 1934-жылы Германияда 840 самолёт чыгарылcа, 1936-жылы анын саны 4733кө жеткен. Согуштук өнөр жайынын көлөмү 1934-жылдан 1940-жылга чейин 22 эсеге өскөн. 1935-жылы 29 дивизиясы болсо, 1939-жылы 102ге көбөйгөн. Германия 1919-жылдагы Версаль тынчтык келишиминин шартын бузуп, Улуттар лигасынан чыккан. 1936-жылы Рейн аймагын басып алып, Япония менен «Антикоминтерндик пактыга» кол койгон. 1937-жылы ага Италия кошулган. 1938-жылы Германия Австрияны жана Чехословакиянын Судет облусун басып алган. 1939-жылы 23-августта СССР менен өз ара кол салышпоо жөнүндө Советтик-германдык келишимге кол коюлган.

Согуштун биринчи мезгили (1. 9.1939 - 21. 6. 1941) - согуш майданында фашисттик Германиянын ийгиликке жетишкен мезгили. 1939-жылы 1-сентябрда Германиянын Польшага кол салышы менен Экинчи дүйнөлүк согуш башталган. 3-сентябрда Улуу Британия менен Франция Германияга согуш жарыялаган, бирок өнөктөшү Польшага жардам бере алышкан эмес. 1939-жылы Германия Польшаны талкалап, өзүнө караткан сон, 1940-жылы апрель-июнь айларында Дания менен Норвегияны басып алып, Атлантика океанына чыгууга жол ачат. 1940-жылы 10-майда Белгияны, Нидерландияны жана Люксембургду багындырып, бул мамлекеттердин аймагы аркылуу Францияга чабуул койгон. 14-июнда Парижди, 22-июнда бүтүндөй Францияны ээлеген. 1940-жылдын орто ченинде 20 000ден ашык аскер самолёттору менен Улуу Британияга абадан сокку урган. 1940-жылдын 10-июнда Улуу Британия менен Францияга каршы Италия согушка кирип, Британия Сомалисин, Кения менен Судандын бир бөлүгүн басып алган, сентябрда Суэцке чыгуу үчүн Египетке кол салган. Ал эми Япония болсо Кытайга агрессиясын күчөтүп, Инди-Кытай жарым аралынын түштүк (Францияга тиешелүү) бөлүгүн басып алган. 27-сентябрда Германия, Италия жана Япония өз ара аскердик блок түзүп, дүйнөнү кайра бөлүштүрүү максатында Берлин (Үчтүктөр) пактысына кол коюшкан. 1941-жылы мартта фашисттик аскерлер Болгарияны, апрелде Югославия менен Грецияны, майда Крит а-дарын басып алган. Ушундан кийин Гитлер куралдуу күчтөрүн СССРдин чек арасына жакын жайгаштырууга өткөн. Согуштун экинчи мезгили (22. 6. 1941-18. 11.1942) - Экинчи дүйнөлүк согуштун майданы кеңиген жана Советтик Союзу үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун башталган мезгили. 1941-жылы 22-июнда согуш жарыялабай туруп, Германия СССРге күтүүсүздөн кол салган. Германия менен кошо Венгрия, Румыния, Словакия, Финляндия, Италия СССРге каршы согушка кирген. Бул болсо экинчи дүйнөлүк согуштун негизги бөлүгү болгон Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы эле.

Пёрл-Харбор, 7-декабрда 1941.

Алгачкы айыгышкан салгылаштарда фашисттер көптөгөн аймактарды, шаарларды ээлегени менен «Барбаросс» планын ишке ашыра албай, Ленинград, Одесса, Севастополь, Москва жанында ири соккуга учураган (к. Москва жанындагы салгылаш (1941-42), Ленинград салгылашы (1941-44)). 1941-жылы 12-июлда СССР, Улуу Британия, кийин Чехословакия, Польша мамлекеттери Германияга каршы биргелешип күрөшүү боюнча келишимге, 1941-жылы августта Улуу Британия менен АКШ Атлантика хартиясына кол коюшкан, ошол эле жылы 24-сентябрда Лондон эл аралык конференциясында СССР да Атлантикалык хартияга кошулган. 1941-жылдын 7-декабрда Германиянын өнөктөшү Япония АКШнын Тынч океандагы согуш базасы - Пёрл-Харборго кол салган. 8-декабрда АКШ, Улуу Британия ж. б. мамлекеттер Японияга, 11-декабрда Германия менен Италия АКШга согуш жарыялаган. 1941жылдын аягы 1942-жылдын башында Япония АКШнын Тынч океан флотуна сокку уруп, Малайя, Индонезия, Филиппин, Мьянманы (Бирма) ээлеп, Австралияга коркунуч туудурган. АКШ бүткүл экономикасын согушка багыттап, Атлантикадагы флотунун бир бөлүгүн Тынч океанга жөнөтүп, 1942-жылдын июнда япон флотуна сокку урган. 1942-жылдын 1-январда Улуу Британия, АКШ, Кытай, СССР ж. б. 26 өлкө Бириккен Улуттардын - Үчтүктөр пактысына кирген мамлекеттерге каршы биргелешип күрөшүү жөнүндөгү Декларацияга кол коюшат. Ошого карабастан январь айында Түндүк Африкада италия-германиялык аскерлер чабуулга өтүп, англичандарды Египетке сүрүп салышкан. Жайында Германия аскерлеринин Волга менен Кавказга чабуулу башталган. Ошентип согуштун алгачкы мезгилинде Германия жана анын өнөктөштөрү эбегейсиз зор аймакты-түштүктө Ливиядан, түндүктө Баренцев деңизине чейин, батышта Бискай булунуна, чыгышта Волгага чейин ээлеген. Япония болсо андан да чон аймакты - Жаңы Гвинеядан Алеут а-на жана Индиядан Маршалл а-на чейин өзүнө баш ийдирген. Мындай ийгиликтер Үчтүктөр пактысына кирген өлкөлөрдүн согушка карата даярдыгын түшүндүрөт.

Сталинград, 9. 1942.

1942-жылдын аяк ченине бул фактор өзгөрүп, Антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттер курал-жарак өндүрүшү жана аскер адамдарынын саны боюнча алдыга озуп кеткен. Ушунун баары Үчтүктөр пактысына кирген өлкөлөрдүн стратегиялык демилгесин колдон чыгаруусуна жана согуштун жүрүшүндөгү бурулушту шарттаган. Анткени Япониянын Тынч океандын Мидуэй атолласындагы, 1943-жылы майда Германия менен Италиянын аскерлеринин Түндүк Африкадагы жеңилүүсү менен аяктаган. 25-июлда Италиянын премьер-министри Муссолини камакка алынып, октябрда Италия өкмөтү Германияга каршы согуш жарыялап, Бириккен Улуттар Уюмуна кошулгандыгын жар салган. 1943-жылы жайында Атлантикада согуштук бурулуш башталган. Май айынан баштап океанда конвойлор эч кандай тоскоолдуктарсыз жүрүп калышкан. Согуштун үчүнчү мезгили (19. 11. 1942-декабрь, 1943) - антигитлердик союз демилгени колуна алып, жалпы стратегиялык чабуулга өткөн мезгил. 1942-жылы 19-ноябрда Кызыл Армия Сталинграддын алдында контр чабуулга өткөн, к. Сталинград салгылашуусу. 1942-жылы наябрь айында советтик аскерлер немецтик-румыниялык фронтту жарып өтүп, фельдмаршал Паулюс башында турган душмандын 300 миң аскерин курчоого алып, 1943-жылы январда аларды багынууга аргасыз кылган. Ошол эле жылдын июлунда Германиянын Чыгыш фронтундагы контр чабуулунан майнап чыкпай, Курскинин алдында чоң жеңилүүгө дуушар болот (к. Курск салгылашуусу). Кызыл Армиянын жеңиштери менен Полына, Югославия, Чехословакия, Греция, Франция ж. б. өлкөлөрдө фашизмге каршы каршылык көрсөтүү кыймылы күчөгөн. АКШ менен Улуу Британия аскерлери 1943-жылы майда Түндүк Африканы бошоткон, июль-августта Сицилияны ээлеген. 3-сентябрда Италия кынк этпей багынып берүү тууралуу актысына кол койгон. Батыш Европада 2-фронтту ачуу маанилүү экендиги аныкталган. 1943-жылы союздаштар флоту Атлантика океанында толук үстөмдүк кылып, Тынч океанда стратегиялык демилгени колго алган. Согушта чындап бурулуш башталып, Улуу Британия, АКШ жана СССРдин мамлекет башчыларынын Тегеран конференциясындагы эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулары менен аяктаган. Согуштун төртүнчү мезгили(1. 1.1944-8.5.1945) - Кызыл Армия фашисттик HeMen; аскерлерин СССР аймагынан кууп, Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Европа элдерин боштондукка чыгарып, союздаштар менен бирдикте гитлердик Германияны талкалоону аяктаган мезгил. СССРдин өнөктөштөрү 1944-ж. 6-июнда Франциянын Нормандиясында генерал Д. Эйзенхауэрдин командачылыгы менен (саны 3 миллиондой аскер) Экинчи фронтту ачкан. Өнөктөштөр Франциянын түштүгүнө дагы аскер түшүрүп, жыл аягында бул өлкөнү фашисттик баскынчылардан бошоткон. Париж шаары согушсуз эле өнөктөштөрдүн колуна өткөн.

Экинчи фронттун аскерлери Арденндеги герман аскерлеринин контр чабуулунун мизин кайтарып, 1945-жылы Рейн дарыясын кечип өтүп, чыгыштан чабуул коюп келе жаткан Кызыл аскерлер менен бет келишкен. 1944-жылы июнда советтик аскерлер Белоруссияда «Багратион» аскердик операциясын ишке ашырууда немецтердин 100 миңдей аскерин курчоого алган. Андан ары советтик аскерлер Польшаны жана Чыгыш Пруссияны, түштүк багытта Балканды бошоткон. 1944-жылдын август айынан - 1945-жылдын майына чейинки аралыкта советтик аскерлер Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Полыыа жана Чехословакияны немецтикфашисттик баскынчылардан бошоткон. 1945-ж. январда советтик аскерлер Висла-Одер операциясынын жүрүшүндө Берлинден ондогон чакырым алыстыкка барып токтогон. Түш-тө болсо советтик аскерлер Вена жана Будапешт шаарын ээлеген. 29апрелде Италияда жайгашкан герман аскерлери багынган. Советтик аскерлер апрелде Берлин шаарын курчоого алып, аны 1-майда ээлеп, 8-майдан 9майга караган түнү Берлиндин четиндеги Карлсхорст шаарчасында фельдмаршал Кейтель баш болгон германиялык жогорку командованиенин өкүлдөрү Германиянын кыңк этпей багынып берүү жөнүндө актысына кол койгон. Акт Советтик Союз. Маршалы Г. К. Жуков жана АКШ, Улуу Британия, Франция өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган.

Согуштун бешинчи мезгили (10. 5. 1945-2. 9. 1945) - Ыраакы Чыгышта жана Тынч океандын алабында согуш бүтүп, Э. д. с. аяктаган мезгил. Амер.-англиялык куралдуу күчтөр Тынч океанда 1944-ж. Маршалл жана Мариан а-н, 1945-ж. Филиппинди жана япондук Окинава а-н ээлеген. Потсдам конференциясында (1945, 17-июнь-2-август) Улуу Британия, Кытай, АКШ мамлекет жетекчилери Япониянын кыңк этпей багынып берүүсүн талап кылышкан, бирок Япония өкмөтү муну четке каккан. Учурдан пайдаланып, АКШ согуштук жактан эч кандай зарылдыгы болбосо деле Япониянын Хиросима (6. 8. 1945) жана Нагасаки (9. 8. 1945) шаарына атом бомбаларын таштаган. Бирок япон куралдуу күчтөрү каршылык көрсөтүүсүн уланта берген. Ошондуктан СССР 8-августта Японияга согуш жарыялаган. Советтик аскерлердин чабуулунун натыйжасында Манжуриядагы Квантун армиясы толук талкаланып, Кытайдын түндүк-чыгыш бөлүгу, Түндүк Корея, Сахалин жана Курил а-дары бошотулган. 15-августта япон императору өз өлкөсүнүн багынып берүүсүн жар салган. 1945-ж. 2сентябрда америкалык «Миссури» кемесинин үстүндө Япониянын кыңк этпей багынып берүү актысына кол коюлушу менен Э. д. с. аяктаган. Согуштун чыгышына күнөөкөр кылмышкерлер Нюрнбергдеги Эл аралык трибуналында (к. Нюрнберг процесси), япондук согуш кылмышкерлер Токио процессинде жоопко тартылган. 1946-ж. Париж тынчтык конференциясында Германияга өнөктөш өлкөлөр менен тынчтык келишимдер түзүлгөн. Тынчтык келишимдин негизинде өнөктөштөр аймактык жоготууларга учурап (Италия өзүнүн колонияларынын баарынан кол жууган), репарация төлөөгө милдеттенишкен. Ушул согуштун аякташы менен нацизм жана фашизм толук талкаланып жок кылынган.

Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4