Мазмунга өтүү

Эки-Чат

Википедия — ачык энциклопедия

Эки-Чат"Манас" эпосундагы топоним. Бакай баштаган кол Каканды көздөй качкан Көзкаманды кууп келе жатып Э.-Ч-ка токтойт.

Камбыл Бакай абаңыз

Өзү баштап мол жүрүп,

Эчки-Өлбөстүн Эки-Чат,

Ошого ашып кирип жатты эми (Курама вариант, 1. 283).

Географиялык реалияда Ысык-Көлдүн Тескей Ала-Тоосунун түндүк тармагында — Караколдун чыгыш тарабындагы өрөөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4