Мазмунга өтүү

Экологиялык кыймыл

Википедия — ачык энциклопедия

Экологиялык кыймыл – экологиялык коркунучту азайтуу. Экологиялык кыймыл «жашылдардын», «көктөрдүн» формалдуу эмес, өкмөткө баш ийбеген уюмдардын жыйындысы катары көрсөтүлөт. Көп учурда саны салыштырмалуу көптүк кылган экологиялык уюмдарын өзүлөрү «экологиялык кыймылдар» деп аташат. Мындай жол Экологиялык кыймылдын кучагын жана кеңдигин, түрдүү себептер менен экологиялык уюмдарга кирбей калган көптөгөн адамдардын айлана-чөйрөнү коргоодо катышуусун азайтат.

Структуралык жактан Экологиялык кыймыл экологиялык күчтөрдүн бардыгын, адардын өз ара мамилелерин жана натыйжаларын камтыйт. Анда уюмдардын топтору бөлүнүп турат (Россия жана КМШнын чегинде):

  • 1) жаратылышты коргоо кошундары; регион аралык экологиялык союздар («Экология жана дүйнө» ассоциациясы, КМШнын социалдык-экологиялык союзу, КМШнын экологиялык союзу, Экологиялык коом ж. б.); Экологиялык фонддор; «жашыл кыймыл», жашылдардын партиясы жана саясатташкан экологиялык уюмдар; экологиялык сактоо комитеттери; жергиликтүү экологиялык уюмдарды өзүнө камтыган коомдук жана өз демилгечи экологиялык уюмдар;
  • 2) Коомдук-мамлекеттик экологиялык уюмдар: жаратылышты коргоо секциялары жана комиссиялары; илимий жана коммерциялык экологиялык уюмдар; жаратылышты коргоо комитеттеринин алдындагы коомдук жана илимий-техникалык кеңештер; экологиялык массалык маалымат каражаттары; маданий-чыгармачыл экологиялык уюмдар;
  • 3) Бийликтин түрдүү органдарынын экологиялык секцияларын, комиссияларын жана комитеттерин, жаратылышты коргоонун мамлекеттик системасын (жаратылышты коргоо боюнча комитеттер, инспекциялар жана прокуратуралар, эксперттик кеңештер ж. б.), жаратылышты рационалдуу пайдалануунун федералдык кызматын мамлекеттик экологиялык структуралар бириктирет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде жана эл аралык мамиледе экологиялык саясатты күчөтүү зарылчылыгы бар.

Колдонулган эмгектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9