Экологиялык пирамида

Википедия дан
Экологиялык пирамида.

Экологиялык пирамида - табигый экосистемадагы процуденттер, консументтер жана редуценттердин ортосундагы биомассалык катышы графиктик модель түрүндө чагылдырылышы. Бардык табигый экосистемада биринчилик өндүрүм менен экинчилик өндүрүмдүн сандык катыштары өндүрүмдүк пирамида эрежесине туура келет, башкача айтканда алдынкы трофикалык деңгээлде белгилүү убакытта пайда болгон биомассанын саны кийинки трофикалык деңгээлдеги пайда болгон биомассанын санынан жогору болот.

Эгерде график түрүндө моделдештирилип көрсөк,анда алынган график, пирамида түзүлүшүнө ээ. Экологиялык пирамида моделин 1927-ж. англ. окумуштуу Ч. Эльтон иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4