Мазмунга өтүү

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму

Википедия — ачык энциклопедия

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму - Французча «Organisation de Cooperation Economique et Developement» деген сөздөрдүн баш тамгаларынан алынган, борбору Парижде жайгашкан жана экономика жаатындагы кызматташтыкты камсыз кылган уюм.

Бул уюм 1960-жылдардын аяк ченинде түзүлгөн келишимдин натыйжасында 1961-жылы мурдагы «Европа Экономикалык Кызматташтык бирикмесинин» (О.С.Е.D.-ОСЕД) ордуна түзүлгөн. Башында 20 мүчөсү болгон бул бирикменин азыркы учурда 24 мүчөсү бар. (Австрия, Бельгия, Дания, Франция, Германия, Финляндия, Греция, Исландия, Ирландия, Италия, Люксембург, Голландия, Норвегия, Португалия, Испания, Швеция, Швейцария, Англия жана Түркия сыяктуу Европа өлкөлөрүнөн сырткары Канада, АКШ, Япония, Австралия жана Жаңы Зелландия сыяктуу мүчөлөрү да бар). OЕСДнын негизги функциялары: мүчө өлкөлөрдүн экономикалык саясатын стимулдаштыруу жана координациялоо, экономикалык өнүгүүнү жана пайдаланууну арттыруу, мүчө болгон жана болбогон өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык иш-аракетине салым кошуу, жардам берүү, дүйнөлүк соода-сатыктын кеңейишине жардам берүү жана соода- сатык проблемаларын чечүү.

Түркиянын Парижде OЕСДга караштуу туруктуу бир делегациясы бар. OЕСДнын башында турган генералдык катчы башкарууну жүргүзөт жана ар кайсы жааттагы адистерден түзүлгөн улуттар аралык катчылык анын тапшырмасын аткарат. Бул уюмдун мүчө өлкөлөрүнүн экономикалык абалына байланыштуу жарыяланган жылдык отчётторго жана ар кайсы тармактагы Европанын экономикалык проблемаларына ылайык жүргүзүлгөн иликтөөлөр жана отчётторго эл аралык аренада зор маани берилүүдө.

Мезгил-мезгили менен мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери OЕСДнын иш-аракеттерин көзөмөлдөө үчүн Кеңеште жолугушуп турат. Мындан башка ар кайсы тармактарда Техникалык Комитеттер иш жүргүзөт. Түркия менен Грецияга финансылык жардам көрсөткөн мүчө өлкөлөрдүн жардамдарын координациялаган жана башкарган «Консорциум» да OЕСДнын айланасында иш алып барат. Уюмдун башкы комитеттери: Экономикалык саясат комитети, экономика жана өнүгүүнү иликтөө комитети, чөйрө проблемалары комитети, техникалык кызматташтык комитети, өнүктүрүү жана жардам берүү комитети, соода-сатык комитети, финансы жана салык комитети, илим жана технология саясаты комитети, билим берүү комитети, жумушчу күчү жана социалдык иштер комитети, өнөр-жай комитети, энергия комитети, нефть комитети, чарбачылык комитети, балыкчылык комитети. Жогоруда айтылган бардык комитеттер генералдык катчыга көз каранды.

Мындан сырткары да Өнүктүрүү борбору, Атом Энергиясы Агенттиги, Билим берүү, изилдөө жана ачуу борбору, Менчик программалар сыяктуу башка органдар да бар. Ошондой эле Төлөөлөр, Камсыздандыруу, Деңизчилик, Керектөө саясаты, Финансы рыногу, Туризм комитеттери сыяктуу да иш тармактары бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9