Экономикалык мыйзамдар
Экономикалык мыйзамдар ― илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында тажрыйба жүзүндө такталып ырасталган практикалык ишмердүүлүк; б. а. материалдык байлыктарды өндүрүү, бөлүштүрүү, алмашуу, керектөө жана тейлөө процессиндеги экономикалык кубулуштардын объективдүү, туруктуу, бири-бирине себепкер байланыштарды жана алардын ортосундагы мамилелерди мүнөздөйт.
Экономикалык мыйзамдар бардык коомдук формацияларга тиешелүү жалпы (мис., өндүрүштөгү өндүргүч күчтөрдүн мүнөзүнө, өндүрүш мамилелерине жана өнүгүү деңгээлине ылайык келүү мыйзамы) бир гана өндүрүш ыгына мүнөздүү болгон атайын же бир нече формацияга таандык (мисалы, нарк мыйзамы) мыйзамдарга бөлүнөт. Бирок, экономикалык мыйзамдар физикалык мыйзамдар сыяктуу жалпылоочу мүнөзгө ээ болгон табияттын мыйзамы боло албайт. Маселе мында адам табиятында акыл эстүү субьект катары анын экономикалык мамилелердеги жүрүм-турумунда пайда болгон обьективдүү мыйзамдар менен гана эмес адамдын субьект катары эркине жараша шартталган. Ошондуктан экономикалык мыйзамдарды, ага таандык жалпы касиеттерин, өндүрүш процесиндеги белгилерин, бөлүштүрүү жана айырбаштоону мыйзам катары эмес мыйзам ченемдүүлүк катары кароо зарыл. Ал эч убакта абс. мүнөздө болбойт, ошондуктан айрым адамдар же адамдардын тобу өздөрүнүн жүрүм-туруму менен дайыма эле экономикалык мыйзамдарды колдоно бербейт, ал ошол учурга, шартка жараша иш алпарат. Экономикалык мыйзамдардын жыйындысы экономикалык илимдер тарабынан бирдей тартипке салынган эмес.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4