Мазмунга өтүү

Экономика илим-изилдөө институту

Википедия — ачык энциклопедия

Экономика илим-изилдөө институту - 1994-жылдан мурунку мамлекеттик пландоо (мамплан) мекемесинин Экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык методдору институту менен Эсеп чыгаруу борборун бириктирүүнүн негизинде уюшулуп, 1997-ж. чейин иштеген.

Институтта илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары: «Республиканын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн индикативдик план-божомолдоолорун иштеп чыгуунун методикасы», «Кыргыз Республикасынын өнөр жай саясатынын негизги багыттары», «Кыргыз Республикасынын энергетикалык саясатынын концепциясы», «Кыргыз Республикасынын экономикасын реалдуу өнүктүрүү концепциясы», «Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатъгаын негизги багыттары», «Өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик макроэкономикалык саясатын өнүктүрүүнүн негизги багыттары:

  • а) фискалдык (салык-бюджет) саясат;
  • б) монитардык (акча-кредит) саясат;
  • в) Тышкы соода саясаты;
  • г) мамлекеттик иновациялык-инвестиция саясаты;
  • д) мамлекеттин киреше саясаты (социалдык саясат)» ж. б. илимий жактан негиздеп өкмөткө сунуштап турган.

Институтту уюшулгандан тартып Ш. Мусакожоев жетектеген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4