Экосистеманын гомеостазы

Википедия дан

Экосистеманын гомеостазы, гомеостазис (гр. homoios – окшош, бирдей, stasis – кыймылсыз абал) - биологиялык системанын ар кандай өзгөрүүгө карата туруктуулук жана курамдын же башка касиеттин салыштырмалуу динамикалык туруктуулугун сактоого болгон жөндөмдүүлүгү. Организмдин туруктуулугун камсыз кылуучу абалын жана процесстерин мүнөздөө үчүн 1929-ж. У. Кенон «гомеостаз» терминин сунуш кылган. Бирок, 19-кылымдын экинчи жарымында эле К. Бернар сырткы чөйрөнүн тынымсыз алмашышына тирүү организмдердин көзкаранды эместигин жана ички чөйрөнүн физ. - химиялык шартынын стабилдүүлүгүн карап, организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугун кармап турууга багытталган физиологиялык механизмдердин болушу жөнүндөгү идеяны айткан. Гомеостаз кубулушу биологиялык уюштурулуунун ар кандай деңгээлдеринде байкалат. Мисалы, физиологиялык гомеостаз жердеги тиричиликтин келип чыгышы, бир клеткалуу организмдердин пайда болушу клеткалардын адистешкен физ.-химиялык шартынын айлана-чөйрөнүн шарттарынан айырмаланып, бүт өмүрүнүн акырына чейин үзгүлтүксүз туруктуу кармалып туруусу менен байланыштуу. Көп клеткалуу организмдерде ар кандай органдардын жана ткандардын клеткалары жайгашкан ички чөйрө пайда болуп, анда гомеостаз механизминин өнүгүшү жана өркүндөшү жүрөт. Эволюциянын жүрүшүндө гомеостазды кармап туруучу кан айлануу, дем алуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу ж. б. атайын адистешкен органдар калыптант. Деңизде жашоочу омурткасыздарда ички чөйрөсүнүн иондук курамын жана рНтын туруктуулугун стабилдештирүүчү гомеостаздын механизми бар. Тузсуз сууга жана кургактыкта жашоого өткөн жаныбарлар үчүн ошондой эле тузсуз суудан деңизге миграция жасоочу омурткалууларда организмдин ички осмостук активдүү заттардын концентрациясынын туруктуулугун камсыз кылуучу осмостук жөнгө салуу механизми калыптанган. Айрым сүт эмүүчү жаныбарда гомеостаз бир кыйла жакшы өөрчүп, алардын айлана-чөйрөнүн ар кандай шартына болгон ыңгайлануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Гомеостаз физиологиялык системанын жөнгө салуучу механизми менен ишке ашат. Организмдеги зарыл болгон интеграциялык функцияны БНС жана өзгөчө мээнин кыртышы аткарып, алардын гипофиздин абалына, бөйрөк үстү безине ж. б. эндокриндик ички секреция бездерге эффектордук органдардын өрчүү даражасына симпаттык нерв системасына тийгизген таасири абдан чоң артериалык басымдын оптималдуу деңгээлин камсыз кылуучу система, татаал гомеостаздык система болуп эсептелет. Кан басымынын өзгөрүүсү кан тамырлардын барорецептору менен кабыл алынып, сигнал (белги) кан тамырлуу борборго берилип, абалдын өзгөрүүсү кан тамырлардын тонусунун жана жүрөк ишинин өзгөрүүсүнө алып келип, бир эле учурда нейрогумордук жөнгө салуу системасын камтып жана кан басымы нормага түшүп, кайра артка кайтуучу байланышы менен чынжыр реакциясынын принциби б-ча жөнгө салынат. Гомоестаздык процесстердин негизинде жаткан механизмдердин бузулушу «гомеостаз» оорусу катары каралат. Буга шарттуу түрдө кээ бир биологиялык ритимдердин аргасыздан кайра куруулары менен байланышта болгон организмдин нормалдуу иш аракетинин функционалдык бузулушун кошууга болот. Адамдын гомеостазынын законченемдүүлүктөрүн таанып билүү көптөгөн ооруларды дарылоонун натыйжалуу жана рационалдуу усулдарын тандоодо мааниси абдан чоң.

Өсүмдүк гомеостазын клеткалык деңгээлде кармап туруу үчүн плазмолемма жана тонопласт негизги маниге ээ. Биринчиден сырткы чөйрөдөн клеткага келген сиңимдүү иондордун жана суунун клеткага келишин, ошондой эле клеткадагы ашыкча иондордун Н+, Na+,Са+ бөлүнүп чыгышын, экинчиден вакуолдо запастык заттар ашыкча болгон учурда вакуолдон запастык субстраттардын протоплазмага келишин жөнгө салып турат. Клетканын осмостук потенциалын стабилдештирүү клетканын ичиндеги белгилүү концентрацияны (К+) жана аниондорду кармап туруунун эсебинен ишке ашырылат. Гомеостазды ткандык деңгээлде кармап туруу үчүн плазмодесма катышып, углеводдордун ж. б. субстраттардын клетка аралык ачылышын жөнгө салат. Генет. жана популяциялык гомеостаз салыштырмалуу стабилдүүлүгү жана алмашып туруучу чөйрөнүн шартында генетикалык структурасынын бүтүмдүүлүгүн кармап туруучу популяциянын жөндөмдүүлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4