Мазмунга өтүү

Экстрагенттер

Википедия — ачык энциклопедия

Экстрагенттер – суюк же катуу заттар алардын аралашмасынан бөлүп алуу үчүн колдонулуучу орг. эриткичтер. Э. нейтралдуу, кычкыл, негиздик болуп бөлүнөт. Нейтралдууга фосфорорг. бирикмелер: үч бутилфосфат, фосфин оксиддери, нефт, сульфооксиддер. жана орг. эриткичтер кирет. үч бутилфосфат көбүнчө лантаноид менен актиноидди эритмеден бөлүп алууда колдонулат. Кычкыл Э. фосфорорг. кислоталар жана нафтен кислоталары кирет. Булар лантаноидди, Ni, Co, V, U, K, Na, Li эритмеден бөлүп алуу үчүн колдонулат. Негиздүүлөргө үч октиламин, төртүнчүлүк аммоний, негиздик фосфат туздары, биринчилик жана экинчилик аминдер кирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]