Экстремалдуу аймактар

Википедия дан

Экстремалдуу аймактар - айлана-чөйрөнүн адамзаттын жашоосуна терс таасир этип, ден-соолугуна зыяндуу абал түзүлгөн аймактар.

Экстремалдуу аймактарда башкы фактор же комплекстүү фокторлор аныкталат. Экстремалдуу аймактардын түрлөрү табыгый (мис., Четки, Түндүк, бийик тоолуу аймактар, чөлдөр ж. б.) жана антропогендик; абс. (адамзаттын жашоосун атайын системалар менен камсыз кылуу) жана салыштырмалуу (адамзаттын жашоосунун кандайдыр бир денгаэлде кыйындашы). Ал жерде адам өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн. Өтө Экстремалдуу аймактарга Антарктида (климатынын өтө катаалдыгына байланыштуу) жана рельефтин бийик тоолуу бөлүгү кирет. Термин латын тилинде - кокустук деген маанини түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4