Элдар Сулайманов
| Эльдар Сулайманов кырг. Элдар Сулайманов | |
| Президент: | Садыр Жапаров |
|---|---|
| Жарандыгы: | Кыргызстан |
| Дини: | Ислам |
| Туулган жылы: | 1985 жыл |
| Туулган жери: | Жалал-Абад облусу, Ала-Бука айылы |
| Атасы: | Нурлан Сулайманов |
| Партиясы: | Ата-Жүрт |
| Билими: | Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы (КРСУ) |
| Аскердик кызматы | |
| Жарандыгы: | Кыргызстан |
| Наамы: | * |
Элдар Сулайманов — (1985-жылы 14-мартта, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука айылында төрөлгөн) — Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII жана VIII чакырылышынын депутаты[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элдар Сулайманов 1985-жылы 14-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылында туулган. 2002-жылы — Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейин аяктаган. 2007-жылы — Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетин «Эл аралык экономика» адистиги боюнча бүтүргөн. 2011-жылы — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында «Юриспруденция» багыты боюнча магистр даражасын алган.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2007-2008-жылдары ОАО «Электр станцияларында» Тышкы байланыштар бөлүмүндө экономист.
- 2008-2010-жылдары Мамлекеттик финансалык полиция кызматында ыкчам кызматкер.
- 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасынын кеңешчиси.
- 2011-2012 жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты катоо департаментинин директорунун орун басары.
- 2016-2021-жылдары «Кыргыз-Чех суу компаниясы» ЖЧКсын негиздеп, башкарып турган.
- 2021-жылдын июнь айында Ош шаардык кенешине «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
- 2021-2025-жылдары «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын катарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.
- 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган;
- 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү.
- 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
- 2025-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы.
Депутаттык ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элдар Сулаймановдун депутаттык ишмердүүлүгү туризм секторун реформалоо, экологиялык мыйзамдарды иштеп чыгуу жана социалдык колдоо маселелерине багытталган. Жогорку Кеңештин жыйындарында Ысык-Көл аймагынын туристтик инфраструктурасын (веложолдорду, асма жолдорду жана тейлөө объектилерин) өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды киргизген. Ысык-Көл облусунун экологиялык абалын коргоо боюнча мыйзам долбоорлорун талкуулоого жана бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат. Баткен облусундагы куралдуу кагылышууларда курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө турак-жай бөлүп берүү боюнча кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн[2].
Коомдук резонанс
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2026-жылдын январь айында социалдык тармактарда депутаттын мурдагы жубайы Асел Азаматованын билдирүүсү жарыяланып, анда ал Э. Сулайманов тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин айтып чыккан[3].
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул факт боюнча текшерүү баштап, А. Азаматовага коргоо ордерин берген. Депутат өз кезегинде бул айыптоолорду "куру доомат" деп атап, чындыкка коошпоорун билдирген[4]. Учурда бул иш укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө[5].
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Сулайманов Эльдар Нурланович — өмүр баяны
- ↑ Жылдын мыкты депутаты – Эльдар Сулайманов
- ↑ Депутаттын мурдагы аялына коргоо ордери берилди. Эл өкүлү айыптоолорду четке какты
- ↑ Депутат Эльдар Сулайманов прокомментировал обвинения бывшей супруги в семейном насилии
- ↑ Депутат Сулаймановдун мурдагы жубайына коргоо ордери берилди