Элдердин (улуттардын) өзүнөзү аныктоого укугу
Көрүнүш
Элдердин (улуттардын) өзүнөзү аныктоого укугу – конституциялык укук илиминде элдердин (улуттардын) өздөрүнүн башка мамлекеттин курамында болууну кааларын же өздөрүнүн мамлекеттик түзүлүшүнө ээ болууну кааларын аныктоо укугу. Көп улуттуу мамлекеттердин алкагында Э. ө. а. у. кээде өзүнчө федеративдүү мамлекеттердин конституцияларында аныкталат. Элдердин өзүнөзү толук аныктоо (б. а. бир мамлекеттин курамынан чыгып кетүүгө чейинки) укугу бүгүнкү күндө дүйнөнүн эчбир конституциясында кезикпейт (РФтин курамындагы кээбир республикалардын конституцияларында бир тараптуу тартипте жарыяланса да, м.: Туванын 1993-жылкы Конституциясында).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7