Элдүү жай
Элдүү жай - калк туруктуу же мезгилдүү жашаган жер (айыл, кыштак, шаарча, шаар ж. б.); адатта анын энчилүү аты болот.
Элдүү жайлар жайгашуусу (туташ же чаржайыт), чарбалык адистешүүсү, өлчөмү (элинин саны), администрациялык статусу ж. б. боюнча айырмаланат.
Негизги айыл-кыштактардан обочо жайгашкан өзүнчө функцияны аткарган айрым турак жайлар (мис., кыштоо, токой кардону, хутор ж. б.) да элдүү пункт болушу мүмкүн. Элдүү жайдын эң маанилүү көрсөткүчү - анын калктуулугу (элдүүлүгү) болуп саналат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2