Мазмунга өтүү

Электродинамика

Википедия долбоорунан

Электродинамика — классикалык электр заряддары арасындагы өз ара аракеттешүүлөр аткарылуучу электромагниттик талаанын кванттык эмес теориясы.

Классикалык макроскопиялык электродинамикасынын мыйзамдары мейкиндиктеги электр заряддарынын жана токтордун бөлүштүрүлүшүнөн көз каранды болгон вакуумдагы жана макроскопиялык нерселердеги электр талаасынын чыңалышын жана магнит индукдиясын аныктоого мүмкүндүк берген Максвелл тендемелеринде жазылган. Кыймылсыз электр заряддарынын өз ара аракеттешүүсү Максвелл тендемелеринин натыйжасы катарында электростатиканын теңдемелери менен жазылат. Белгилүү болгон бардык өз ара аракеттешүүлөрдүн ичинен электромагниттик аракет өзүнүн кеңдиги жана ар түрдүүлүгү менен биринчи орунда турат. Анткени бардык нерселер электр заряддары бар бөлүкчөлөрдөн куралган жана алардын арасындагы электромагниттик аракеттешүү гравитациялык жана өз ара аракеттешүүгө караганда бир канча эсе чоң, ал күчтүү аракеттешүүгө караганда өтө чоң аралыктан аракет этет. Электромагниттик толкундарда классикалык электродинамиканын мыйзамдары аткарылбайт. Өтө кичине мейкиндик-убакыт интервалдарында өтүүчү процесстерди үйрөнүү үчүн квант Э.-дарыянын мыйзамдары колдонулат. Эң жөнөкөй электр жана магнит кубулуштары байыркы заманда эле белгилүү болгон. 1600-ж. англиялык физик У. Гильберт биринчи жолу электр жана магнит кубулуштарын бөлгөн. Магнит уюлдарын ачкан жана Жердин зор магнит экенин көрсөткөн. 17-18-кылымда көп тажрыйбалар жасалып, биринчи электр-статикалык машина пайда болгон, электр заряддарынын эки түрү табылган, металлдардын электр өткөрүмдүүлүгү аныкталган, биринчи жолу конденсатор жасалган. 1747-1753-ж. Б. Франклин электр кубулуштарынын биринчи теориясын сунуш кылган, чагылгандын электрдик жаратылышын далилдеген. 18-кылымдын 2-жарымында электр кубулуштарын сан жагынан изилдөө башталат. 1785-ж. Ш. Кулон экспериментте чекиттик электр зарядынын өз ара аракеттешүүсүнүн так мыйзамын ачкан. Ошол убакта бир топ илимий ачылуулар болгон. 1831-ж. М. Фарадей электромагниттик индукция кубулушун ачкан. 1840-1860-ж. аралыгында электродинамиканын өнүгүшүндө Фон. Н., У. англ физик Томсон, К.Ф. Гаусс, немис физиги В. Вебер, америкалык физик Ж. Генри чоң роль ойношкон. 1861-1873-ж. англиялык физик Ж. Максвелл классикалык электродинамиканын теңдемесин жазган. 1886-1889-ж. Г. Герц экспериментте Максвелл теориясынын тууралыгын далилдеген. 19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында электродинамиканын өнүгүшүндө жаңы этап башталат. Англиялык физик Э. Томсон жана X. Лоренц заттын түзүлүшүнүн электрондук теориясын түзүшкөн. Ушулардын негизинде Лоренц-Максвелл теңдемеси пайда болгон. 1905-ж. А. Эйнштейн салыштырмалуулуктун теориясын жазган. Ушул теориядан кийин электродинамиканын мыйзамдары классикалык теориянын мыйзамдары. Электрмагниттик толкундун кыска узундуктагы чоң жыштыктары үчүн, б. а. кичине мейкиндик убакыт иштер алдында болуп өтүүчү процесс үчүн колдонулбайт.

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4