Электролиттик диссоциация

Википедия дан

Электролиттик диссоциация - электролиттерди эриткенде анын эриткич менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында иондорго ажырашы.

Электролиттик диссоциация теориясын швед окумуштуусу С. Аррениус ачкан (1887). Электролиттер суу эритмесинде жакшы диссоциацияланат. Электролиттердин иондорго ажырашы кайталанма процесс. Белгилүү убакытта канча молекула иондорго ажыраса, ошончо молекула иондордон түзүлөт. Көпчүлүк электролиттер эригенде бардык молекулалар иондорго ажырабайт. Электролиттик диссоциация дарыянын сан өлчөмдөрү, анын туруктуулугу - константасы жана диссоциация даражасы менен мүнөздөлөт; электролиттердин молекулаларынын иондорго ажыраган бөлүгүнүн жалпы электролиттин молекуласынын санына болгон катышы Электролиттик диссоциация даражасы деп аталат. Электролиттик диссоциация даражасы электролиттин эриткичтин табиятына эритменин суутек көрсөткүчүнө, температурасы менен концентрациясына байланыштуу. Эритменин концентрация азайган сайын Электролиттик диссоциация даражасы жогорулайт. Электролит эритмелеринин осмос басымы, кайноо жана тоңуу температуралары, каныккан буунун басымы дайыма жогору болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4