Электролюминесценция
Көрүнүш
Электролюминесценция ― электр талаасы дүүлүктүрүүчү люминесценция. Газдарда жана катуу заттарда байкалат.
Электролюминесценцияда заттын атомдору (молекулалары) кандайдыр бир формадагы электр разрядынын пайда болушу менен дүүлүккөн абалга өтөт. Газдардын электролюминесценциясы ― газ разрядынын жарыктанышы ― газ разряддуу түтүктөрдө колдонулат. Катуу нерселердин электролюминесценциясы индикатордук түзүлүштөр (электролюминесценциялык белги индикаторлору, мнемосхемалар ж.б.) үчүн пайдаланылат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0