Мазмунга өтүү

Электромагниттик толкундар

Википедия — ачык энциклопедия

Электромагниттик толкундар — мейкиндикте чектелген ылдамдыкта таралуучу электромагниттик термелүүлөр.

Электромагниттик толкундарды 1832-ж. М. Фарадей ачкан, 1865-ж. англиялык физик Ж. Максвелл электромагниттик вакуумда жарык ылдамдыгындай ылдамдык менен таралаарын теориялык эсептеп чыккан. 1888-ж. Г. Герц Максвелл теориясынын туура экендигин тажрыйбада далилдеген. Радиотолкундар, жарык, рентген жана гамма нурлануулары түрдүү толкун узундуктагы электромагниттик толкундар экенин Максвелл теориясы ырастаган. Электр Е жана магнит Н талааларынын жыштыгы w, толкун уз. X менен төмөнкүдөй байланышкан: >.=27icosco, мында с - жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы.

Электромагниттик толкундардын өзгөчүлүгү: ал толкундардын пайда болушу жана таралышы Максвелл теңдемеси менен түшүндүрүлөт. Жыштыгына, ошондой эле нурлануу булагына жана дүүлүгүү ыкмасына жараша электромагниттик толкундар радиотолкундар, оптикалык, инфракызыл, көрүнгөн, ультракызгылт-көк жана гамма-нурлануулары болуп айырмаланышат. Электромагниттик толкундардын энергиясынын берилиши пойнтинг вектору менен мүнөздөлөт. Эки чөйрөнүн бөлүнүү чегинде Электромагниттик толкундар чагылат жана сынат, ошондой эле таралуу учурунда толкундардын дисперсиясы, дифракциясы, интерференциясы, жутулушу, рефракциясы байкалат.

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4