Электростатика
Көрүнүш
Электростатика ― электродинамиканын кыймылсыз электр заряддарынын өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү.
Берилген аймакта электр талаасынын бар экендигин ал жерге жайгаштырылган сыналуучу электр зарядына таасир эткен механикалык күчтүн пайда болушу аркылуу билүугө болот. Тынч абалдагы заряддардын өз ара аракеттешүү күчү электростатикалык күч, ал эми тынч абалдагы заряддардын электр талаасы электростатикалык талаа деп аталат. Мындай заряддардын өз ара аракеттешүүсү чөйрөнүн касиетине көз каранды болот. Электростатиканын негизи ― Кулон мыйзамы. Электростатиканын мыйзамдары электр аппараты, электрон-оптикалык курал, заряддуу бөлүкчөлөрдүн ылдамдаткычтары ж.б. шаймандарда, түзүлүштөрдө колдонулат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4