Электр-динамикасы

Википедия дан

Электр-динамикасы – классикалык электр заряддары арасындагы өз ара аракеттешүүлөр аткарылуучу электр-магнит талаасынын кванттык эмес теориясы.

Классикалык макроскопиялык Электр-динамикасынын закондору мейкиндиктеги электр заряддарынын жана токтордун бөлүштүрүлүшүнө көзкаранды болгон вакуумдагы жана макроскопиялык нерселердеги электр-магнит талаанын мүнөздөөчүлөрүн – электр талаасынын чыңалышын ( ) жана магнит индукциясын (В) аныктоого мүмкүндүк берген Максвелл теңдемелеринде жазылган. Кыймылсыз электр заряддарынын өз ара аракеттешүүсү Максвелл теңдемелеринин натыйжасы катарында электр-статиканын теңдемелери менен жазылат. Айрым алынган заряддалган бөлүкчөлөрдөн түзүлгөн макроскопиялык электр-магнит талаа классикалык Электр-динамикасынын макроскопиялык нерселердеги электр-магниттик процесстердин классикалык статистикалык теориясынын негизиндеги Лоренц–Максвелл теңдемеси менен аныкталат. Белгилүү болгон бардык өз ара аракеттешүүлөрдүн ичинен электр-магниттик аракет өзүнүн кеңдиги жана ар түрдүүлүгү менен биринчи орунда турат. Анткени бардык нерселер электр заряддары бар бөлүкчө-лөрдөн куралган жана алардын арасындагы электр-магниттик аракеттешүү гравитациялык жана өз ара аракеттешүүгө караганда бир канча эсе чоң, ал күчтүү аракеттешүүгө караганда өтө чоң аралыктан аракет этет. Электр-магнит толкундарында классикалык Электр-динамикасынын закондору аткарылбайт. Өтө кичине мейкиндик-убакыт интервалдарында өтүүчү процесстерди үйрөнүү үчүн квант Электр-динамикасынын закондору колдонулат.

Эң жөнөкөй электр жана магнит кубулуштары байыркы заманда эле белгилүү болгон. 1600-ж. У.Гильберт биринчи жолу электр жана магнит кубулуштарын бөлгөн. Магнит уюлдарын ачкан жана Жердин зор магнит экенин көрсөткөн. 17–18-кылымда көп тажрыйбалар жасалып, биринчи электр-статикалык машина пайда болгон, электр заряддарынын эки түрү табылган, металл-дардын электр өткөрүмдүүлүгү аныкталган, биринчи жолу конденсатор жасалган.

1747-53-ж. Б.Франклин электр кубулуштарынын биринчи теориясын сунуш кылган, чагылгандын электрдик жаратылышын далилдеген. 18-кылымдын 2-жарымында электр кубулуштарын сан жагынан изилдөө башталат.

1785-ж. Ш.Кулон экспериментте чекиттик электр зарядынын өз ара аракеттешүүсүнүн так законун ачкан.

18-кылымдын аягында Л.Гальвани жана А.Вольта биринчи жолу электр булагын жасашкан. 1826-ж. Г.Ом ток менен чыңалуунун арасындагы байланышты аныктоочу законду ачкан. Ошол убакта бир топ илимий ачылуулар болгон. Ошого байланыштуу В.В.Петров, Г.Деви, К.Ф.Гаусс, Ж.Жоуль, Э.Х.Ленц, Х.Эрстед, А.Ампер ж.б. белгилөөгө болот. 1831-ж. М.Фарадей электр-магнит индукция кубулушун ачкан. Анын натыйжасында электр-техникасы күчтүү өнүккөн. 1840-60-ж-дардын аралыгында Э.-д-нын өнүгүшүндө Ф.Нейман, У.Томсон, К.Ф.Гаус, В.Вебер, Ж.Генри чоң роль ойношкон. 1861-73-ж. Ж.Максвелл классикалык Э.-д-нын фундаменттик теңдемелерин чыгарган. 1886-89-ж. Г.Герц экспериментте Максвелл теориясынын тууралыгын далилдеген. 19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында Э.-д-нын өнүгүшүндө жаңы этап башталат. Ж.Томсон жана Х.Лоренц заттын түзүлүшүнүн электрондук теориясын түзүшкөн. Ушулардын негизинде Лоренц – Максвелл теңдемеси пайда болгон.

1905-ж. А.Эйнштейн салыштырмалуулуктун теориясын жазган. Ушул теориядан кийин Электр-динамикасынын закондору классикалык теориянын закондоруна келтирилбей тургандыгы ачык болгон. Өтө кичине мейкиндик-убакыт аралыктарында электр-магнит талаасынын классикалык Электр-динамикасынын эске албаган кванттык касиеттери негиздүү болот. Электр-магниттик процесстердин квант теориясы – квант электр-динамикасы 20-кылымдын экинчи чейрегинде түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]