Электр-магниттик нурлануу

Wikipedia дан

Электр-магниттик нурлануу Аларга радиотолкундар, инфракызыл, ультракызгылт-көк, көзгө көрүнүүчү жарык нурлануу, рентген жана гамма нурлануу кирет. Электр-магниттик нурлануунун биологиялык таасири толкундук жана кванттык касиети менен аныкталат. Толкундук касиети талаанын термелүү жыштыгы жана толкун узундугу менен мүнөздөлөт; анын абадагы таралуу ылдамдыгы 300 миң км/сек. Термелүү жыштыгы герц (гц), килогерц (кгц), мегагерц (мгц) менен, ал эми толкун узундугу км, м, дм, см, мм, мкм, нм менен өлчөнөт.

Аныктоо[оңдоо]

Электр-магниттик нурлануунун кванттык касиети квант (фотон) менен аныкталат. Электр-магниттик квант белгилүү энергияга ээ. Энергиянын чоңдугу термелүү жыштыгына көз каранды, ал электрон-вольт (эв) менен өлчөнөт. Электр-магниттик нурлануунун кишинин организмине тийгизген таасири өтө татаал жана ар түрдүү. Кишинин денесинде толкундардын таралуусу жана чыңалуусу толкун узундугуна жана нурлануунун түрүнө жараша болуп, толкундун узундугу канчалык чоң болсо анын биологиялык активдүүлүгү ошончо аз болот. Биол. объект менен Электр-магниттик нурлануунун өз ара аракетинин натыйжасы толкун узундугу, квант энергиясы, убакыт жана нур жиберүү күчү, ошондой эле ткандын касиети (морфологиясы, функциялык абалы жана башкалар) менен мүнөздөлөт. Организмге кирген радиотолкун тканга өтүп, энергиянын бир бөлүгү жылуулукка айланат. Электр-магниттик нурлануунун бул касиети ткандарды жылытууда пайдаланылат (кара Электр менен дарылоо).

Таасири[оңдоо]

Электр-магниттик нурлануу булагын иштетүүнүн эрежелери бузулса, ал организмге терс таасир тийгизиши мүмкүн. Аз гана Электр-магниттик нурлануунун дайыма таасиринен киши чарчап, ишке жөндөмдүүлүк төмөндөйт, башы ооруп, уйкусу бузулат. Ошондой эле тердейт, акыл-эси начарлап жүрөк туш ооруйт, энтигет. Мындай учурда врачка кайрылуу зарыл. Электр-магниттик нурлануу менен дайыма иштеген кишилер медициналык кароодон өтүп турат. Ишке алганда кесиптик тандоо сөзсүз керек. Аны менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуучу аз өлчөмдөгү нурлануу дозасы белгиленген.

Инфракызыл, жарык жана ультракызгылт-көк нурлануунун биологиялык таасири өтө ар түрдүү. Жарык тирүү организмдин өсүшү үчүн зарыл. Бирок инфракызыл жана ультракызгылт-көк нурлануу ашыкча таасир эткенде организм ысып, тери күйүп калышы мүмкүн. Ультракызгылт-көк нуру бактерияга каршы таасир эткендиктен медицинада аспаптарды, имараттарды жана башкалар стерилдөө; ошондой эле бул нурлар менен дарылоо, алдын алуу үчүн кеңири колдонулат (к. Жарык менен дарылоо). Рентген, гамма нурлануу иондоштуруучу нурлар болгондуктан таасир эткенде патологиялык өзгөрүүлөрдү пайда кылат (к. Нур оорусу). Ошондуктан рентген жана гамма нурлануу булагы менен иштегендер анын коопсуздук техникасынын эрежелерин так аткаруу зарыл. Бул нурлануу рентгендик изилдөөлөрдө жана нур менен дарылоодо кенен колдонулат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8