Электр-магнит толкундары

Википедия дан

Электр-магнит толкундары - мейкиндикте чектелген ылдамдыкта таралуучу электр-магниттик термелүүлөр.

Электр-магнит толкундарын 1832-ж. М. Фарадей ачкан, 1865-ж. англиялык физик Ж. Максвелл электр-магниттик вакуумда жарык ылдамдыгындай ылдамдык менен таралаарын теориялык эсептеп чыккан. 1888-ж. Г. Герц Максвелл теориясынын туура экендигин тажрыйбада далилдеген. Радиотолкундар, жарык, рентген жана гамма нурлануулары түрдүү толкун узундуктагы Электр-магнит толкундары экенин Максвелл теориясы ырастаган. Электр Е жана магнит Н талааларынын жыштыгы w, толкун уз. X менен төмөнкүдөй байланышкан: >.=27icosco, мында с - жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы.

Электр-магнит толкундардын өзгөчүлүгү: ал толкундардын пайда болушу жана таралышы Максвелл теңдемеси менен түшүндүрүлөт. Жыштыгына, ошондой эле нурлануу булагына жана дүүлүгүү ыкмасына жараша Электр-магнит толкундары радиотолкундар, оптикалык, инфракызыл, көрүнгөн, ультракызгылт-көк жана гамма-нурлануулары болуп айырмаланышат. Электр-магнит толкундардын энергиясынын берилиши Пойнтинг вектору менен мүнөздөлөт. Эки чөйрөнүн бөлүнүү чегинде Электр-магнит толкундары чагылат жана сынат, ошондой эле таралуу учурунда толкундардын дисперсиясы, дифракциясы, интерференциясы, жутулушу, рефракциясы байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4