Мазмунга өтүү

Электр-химиялык чынжырлар

Википедия — ачык энциклопедия

Электр-химиялык чынжырлар - бир электролитте же бири-бири менен байланышта болгон ар түрдүү электролиттеги электроддон турган система. Э.-х. ч. физ., концентрациялык, химиялык болуп бөлүнөт. Физ. Э.-х. ч. бирдей процесстер жүргөн химиялык бир тектүү электроддон түзүлөт. Ага бир эле металлдын эки түрдүү аллотропиялык модификацияларынан же бир эле материалдан жасалган ар түрдүү бийиктиктеги эки электроддон турган чынжырлар мисал боло алышат. Концентрациялык Э.-х. ч. электродунун физ. касиетгери, химиялык курамы жана аларда жүргөн окистенүү-калыбына келүү реакциялары жаратылышы бирдей, бирок заттар окистенген же калыбына келген формаларынын концентрациялары (активдүүлүктөрү) артүрдүү болот. Э.-х. ч. токтун химиялык булактарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]