Электр байланышынын эл аралык биримдиги

Википедия дан
Электр байланышынын эл аралык союзу‎»‎ барагынан багытталды)

Электр байланышынын эл аралык биримдиги (ЭБЭБ, англ. International Telecommunication Union, ITU) ― телекоммуникациялар жана радио жаатында сунуштамаларды аныктоочу, ошондой эле радио жыштыктарды эл аралык пайдалануу (радио жыштыктарды арналышы жана өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү) маселелерин жөнгө салуучу эл аралык уюм.

1865-ж. Эл аралык телеграф биримдиги катары негизделген, ал эми 1947жылдан БУУнун адистештирилген мекемеси болуп эсептелет. ЭБЭСке 193 өлкө жана секторлор менен ассоциациялар боюнча (илимий-өнөр жай ишканалары, мамлекеттик жана менчик байланыш операторлору, радио уктуруу компаниялары, региондук эл аралык уюмдар) 700дөн ашык мүчө кирет. ЭБЭСтин стандарттары (тагыраак айтканда ЭБЭБтин терминологиясы боюнча сунуштамалары) милдеттүү болуп саналбайт, бирок кеңири колдоого алынат, анткени ал байланыш тармактарынын ортосундагы өз ара байланышты жеңилдетет жана провайдерлерге бүткүл дүйнө боюнча кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4