Электр капиллярдык кубулуштар
Электр капиллярдык кубулуштар электрод-электролит чегиндеги беттик тартылыштын (s) электроддук потенциалга (Е) көз карандылыгы менен байланышат да, чектеги кош электрдик катмардын болушу менен шартталат. S Е көз карандылыгы графикалык сүрөттөлүшү электрокапиллярдык ийри сызыгы деп аталат. Э. к. к. А.Н. Фрумкин иштеп чыккан: s - мында бетик тартылыш, Е - электроддук потенциал; R - универсалдуу газ турактулугу; T - температура,– Г i-компоненттин бетик энергиясынын ашыкчылыгы, б. а. адсобрциясы;
ai- эритменин көлөмүндөгү i-компонент активдүүлүгү; q- кош электрдик катмар зарядынын тыгыздыгы. Бул теңдеменин жекече түрү - Липпман теңдемеси:, андан кош электрдик катмардын дифференциалык сыйымдулугу эсептелинет: . Электр капиллярдык ийри сызыктын максимуму жана ЭКК нөл заряды потенциалын көрсөтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6