Электр кыймылдаткыч күчү

Википедия дан

Электр кыймылдаткыч күчү, ЭКК - электр чынжырына туташтырылган, табияты электр-статикалык эмес энергия булагы.

Жалгыз электр-статикалык күч туюк чынжырда туруктуу электр тогун кармап тура албайт, себеби туюк контурда заряддарды кыймылга келтирүүчү бул күчтөрдүн аткарган жумушу нөлгө барабар, ал эми тизмекте ток жүргөндө өткөргүчтөр ысып, энергия бөлүнүп чыгат. Тизмекте белгилүү чоңдуктагы ток үзгүлтүксүз болушу үчүн сырткы электр булагы керек, ал энергия заряддалган бөлүкчөлөрдү кыймылга келтирип турат. Сырткы энергия булагы тизмекте кошумча электр талаасын пайда кылуу менен туюк контурдагы бул талаанын жумушу эч качан нөлгө барабар болбойт. Туюкталган тизмектеги булактын ЭКК анын кыскычтарынын электр чыңалуусуна барабар. ЭКК берилген каршылыктуу чынжырдагы ток күчүн аныктайт (к. Ом мыйзамы). Электр чыңалуусу сыяктуу эле вольт (В) менен өлчөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4