Мазмунга өтүү

Электр машиналарын дүүлүктүргүч

Википедия — ачык энциклопедия

Электр машиналарын дүүлүктүргүч - электр машиналарынын дүүлүкмө оромдорун ток менен камсыз кылуучу түзүлүш.

Негизги уюлдардын дүүлүгүүчү оромдорунан ток өткөн учурда магниттик агым пайда болот. Туруктуу токто иштеген электр машиналары дүүлүгүү ыкмасы жана дүүлүгүүчү оромун кошуу схемасы боюнча айырмаланат. Дүүлүгүүчү орому көз каранды болбогон туруктуу токтун генератору - көз каранды эмес булактан азыктанат. Мындай генераторлор кубаттуу системаларда - дүүлүгүү чыңалуусу генератордун чыңалуусунан айырмаланганда жана кыймылдаткычтын айлануу ылдамдыгын жөнгө салуу системаларында колдонулат. Кубаттуу генераторлордун дүүлүгүү тогунун чоңдугу - генератор тогунун 1,0-1,5%, ал эми кубаттуулугу ондогон Вттын тегерегинде болгон машиналарда 10% ке чейин болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4