Электр машина генератору
Электр машина генератору - механикалык айлануу энергиясын туруктуу же өзгөрмө токтун электр энергиясына өзгөртүүчү электр машинасы.
Механикалык энергия төмөнкүдөй кыймылдаткычтардан (буу, газ же гидротурбиналык ж. б.), айрым учурда электр кыймылдаткычынан берилет. Бул учурда Электр машина генератору электр кыймылдаткычы менен кошо токту өзгөртөт (мис., өзгөрмө токту туруктууга же бир жыштыктагы электр тогун башка жыштыкка). Ал ротордон, статордон, магниттик талаа булагынан (ором же туруктуу магнит) жана электр кыймылдаткыч күчү пайда болуучу оромдон турат. Оромдогу пайда болгон токту алуу үчүн ток алгыч каралган. Генератор иштеп чыккан токтун мүнөзү боюнча - туруктуу жана өзгөрмө; статор менен ротордун талааларынын аракеттенишине жараша - синхрондуу жана асинхрондуу; ошондой эле кубаттуулугу жана дүүлүгүүсү ж. б. боюнча айрымаланат. Ал жылуулук, атомдук, гидравликалык, газ турбиналык ж. б. электр станцияларында электр энергиясынын негизги булагы катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4