Электр орнотмосу

Википедия дан

Электр орнотмосу - электр энергиясын өндүрүү, өзгөртүү, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү, керектөө же башка энергия түрүнө айландыруу үчүн арналган машина, аппарат же жардамчы жабдуулардын бирикмеси.

Электр орнотмосун жасоодогу негизги нормативдүү документ - «Электр орнотмолорунун түзүлүштөрүнүн эрежеси», ал эми пайдаланууда - «Керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун техникалык жактан пайдалануу эрежеси» эсептелет. Электр орнотмосу арналышы боюнча: керектелүүчү жана өзгөртүүчү-бөлүштүрүүчү, керектөөчү токтун түрү боюнча туруктуу жана өзгөрмө, чыңалуусу боюнча 1000 В жана андан жогору болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4