Элементардык математика
Элементардык математика - пределдердин, функциялардын, өзгөрмө чоңдуктардын жана көптүктөрдүн жалпы түшүнүктөрүн колдонбой, математиканын маселелерин жана методдорун камтыган түшүнүк.
Элементардык математикада мятеж, анализ пайда болгонго чейинки калыптанган математикалык жалпы түшүнүктөр колдонулат. Элементардык математика негизинен арифметикалык сандар теориясын, элементардык алгебраны, элементардык геометрияны жана тригонометрияны камтыйт. Кыскача, элементардык математиканы «туруктуу чоңдуктарднн математикасы» деп мүнөздөсө да болот. Албетте, бул аныктама да аныктык так эмес. Себеби, Элементардык математикада конкреттүү берилген өзгөрмө чоңдуктар да каралат. Көпчүлүк учурда Элементардык математика деп орто мектепте окутулуучу математика сабагы айтылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.