Элементардык функциялар

Википедия дан

Элементардык функциялар - функциялардын классы.

Ага даражалуу функция, рационалдуу функция, көп мүчө, көрсөтпкучтуү функция, логарифмдик функция, тригонометриялык функция, гиперболалык функция жана тескери гиперболалык функцияларды камтыйт. Ошону менен бирге бир же бир нече өзгөрмөлүү Элементардык функциялар каралат. Элементардык функциялардын туундусу Элементардык функциялар, ал эми Элементардык функцияларга тескери жана ага баштапкы функция, ошондой эле Элементардык функциялардан алынган интеграл Элементардык функциялар болбошу да мүмкүн. Элементардык эмес функцияларды изилдөөдө алар чексиз катар, көбөйтүндү, интеграл, асимптотикалык жакындоо ж. б-дын жардамы менен Элементардык функциялар аркылуу туюнтулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4