Мазмунга өтүү

Элементтердин миграциясы

Википедия — ачык энциклопедия

Элементтердин миграциясы - геохимиялык процесстердин натыйжасында жер кыртышында жана анын үстүнкү бетинде химиялык элементтердин ташылышы жана орун которушу.

Терминди 1923-ж. A. Е. Ферсман киргизген. Элементтердин миграциясы геохимиялык процесстерге катышып, жаратылыштагы зат айлануунун негизин түзөт. Элементтердин миграциясы суюктук, газдуу жана катуу фазада болот. Элементтер суу эриндисинде ион, молекула, коллоид бөлүкчөлөрү түрүндө, газда молекула формасында жана аэрозол түрүндө топтолот жана орун которот. Миграцияга таасир этүүчү факторлор: ички - химиялык элементтин касиети (атомунун түзүлүшү, өлчөмү, валенттүүлүгү ж. б.) жана сырткы - чөйрөнүн температурасы, басымы, курамы ж. б. Химиялык элементтердин миграциялык жөндөмдүүлүгү геохимиялык шартка жараша өзгөрүлөт. Бирок, элементтердин айрымдары кыймылдуу, башкалары инерттүү келет. Миграциялык жөндөмдүүлүгү өтө жогору химиялык элементтер: Cl, Br, I, N, В, Ra, Na; жогорулары - К, Са, Ge, U, Fe; орточолору - Al, Si, Mg, TR; төмөндөрү - Zr, Nb, Ta, Sb; өтө төмөндөрү - платина металлдары. Натыйжада айрым элементтер шиленип жана чачылса, айрымдары топтолуп, өнөр жай маанисиндеги кендерди пайда кылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4