Элементтер кларкы
Элементтер кларкы - химиялык элементтердин жер кыртышында, гидросферада, космос системаларында таралышынын орточо чен бирдиги.
Ал сандык (%, г/г, г/г менен өлчөнөт), атомдук (атомдордун санынын пайызы менен өлчөнөт) кларк деп ажыратылат. Ар түрдүү тоо тектердин 16 км тереңдикке чейинки жайгашуусу эсепке алынып, жалпы жер кыртышынын химиялык курамы биринчи жолу америкалык окумуштуу Ф. У. Кларк (1889) тарабынан эсептелген. Кийин анын эсептеп, процентке айландырган саядарынын жыйынтыгын А. Е. Ферсман бир нече жолу тактап. аны кларк чени же кларк деп атаган. Азыркы кездеги тушунук боюнча жердин кыртышы деп аталган Мохоровичич чегинен жогору жайгашкан тоо тектердеги химиялык элементтердин орточо өлчөмүн А. П. Виноградов (1962), америкалык окумуштуу С. Р. Тейлор (1964), немис окумуштуусу К. Г. Ведеполь (1967) эсептеп чыгарышкан. Элементтер кларкы тоо тектердеги химиялык элементтердин концентрациясынын эталону катары колдонулат. Тоо тектердеги элементтердин өлчөмү Элементтер кларкынан жогору болсо, ошол жердей керектүү кенди издөөгө болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.