Эли Визел
Элиезер "Эли" Визел (англ. Eliezer "Elie" Wiesel; 1928-жыл 30-сентябрь — 2016-жыл 2-июль) — Румынияда туулган америкалык жөөт жазуучусу, профессор, саясий ишмер, Нобел сыйлыгынын лауреаты жана Холокосттон аман калган. Ал көбүнчө француз жана англис тилдеринде жазган, жалпы 57 китептин автору. Анын ичинде Освенцим жана Бухенвалд концентрациялык лагерлерде туткун катары баштан өткөргөн окуялары туурасындагы "Түн" (англ. Night) чыгармасы да бар.
Жазуу менен бирге ал Бостон университетинде гуманитардык бөлүмдүн профессору болуп эмгектенген. Университет анын урматына Жөөт таануу Эли Визел борборун негиздеген. Ал жөөт иштерине аралашып, АКШнын Вашингтон жергесиндеги Холокост мемориалдык музейинин түптөлүшүнө жардам берген. Өзүнүн саясий ишмердүүлүгүндө ал Түштүк Африка менен Никарагуадагы кысым көрсөтүүнүн курмандыктары үчүн жана ошондой эле Судандагы тукум курут кылууга каршы өнөктүктөргө чыккан. Ал 1915-жылдагы армяндардын тукум курут болушун ачык эле айыптап чыккан жана өмүрүнүн акырына чейин адам укуктарынын күчтүү коргоочусу болуп калган. Ал Los Angeles Times гезити тарабынан "Американын эң маанилүү жөөтү" деп сүрөттөлгөн.
Визел Нобелдин Тынчтык сыйлыгына 1986-жылы татыктуу болгон. Ал учурда Норвегия Нобел комитети аны "адамзаттын жарчысы" деп атап, "Гитлердин өлүм лагерлеринде толук басынтууга жана адамзатка көрсөткөн аёосуз жек көрүүсүнө кабылуу" аркылуу жүргүзгөн күрөшүн жана ошондой эле "тынчтык иштерине иш жүзүндө кошкон салымын" баса белгилеп, Визел адамзатка "тынчтык, күнөө жуу жана адамдык нарк" кабарын жеткирген деп билдирген. Ал New York Human Rights фондунун директорлор кеңешинин негиздөөчүсү болгон жана өмүр бою жигердүү бойдон калган.