Элчиев Жаанбай

Википедия дан

Жаанбай Элчиев -филология илимдеринин доктору ,доцент.

Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Элчиев Жаанбай
Туулган жылы: 1957-жылы 15-январь
Туулган жери: Ош облусу
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Кыргыз тили, Кыргыз адабияты
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети
Илимий даражасы  :филология илимдеринин доктору (2015)
Илимий наамы: доцент

Ал 1957-жылы 15-январда Ош облусуна караштуу Таргалаң айылында жарык дүйнөгө келген .

Эмгек жолу 1984-1988-жылдары Алай районундагы И. Монуев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн башталган.

1988-1990-жылдары ОшМПИнин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу.

1990-жылдан 2023-жылга чейин ОшМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти, профессору болуп эмгектенген.

1996-жылы “Кыргыз тилиндеги жаксыз сүйлөмдөр” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2015-жылы “Келки маанилердин типтери жана түрлөрү” деген темада докторлук диссертациясын Бишкек шаарында коргогон.

1996-1997-жылдары ОшМУнун Теология факультетиндеги жалпы билим берүүчү предметтер кафедрасынын башчысы;

1996-2007-жылдары кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы;

2007-2010-жылдары Кыргыз филологиясы факультетинин деканы болуп иштеген.

2003-жылы “Тил таануу” адистиги боюнча доцент илимий наамын алган.

2013-жылдан 2023-жылга чейин кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.

Төрт окуу-усулдук колдонмонун, эки илимий монографиянын, элүүдөн ашуун илимий макалалардын автору.

Билимге, илимге кошкон зор салымы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.

2023- жылы 30-октябрда кайтыш болгон .

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.https://www.oshsu.kg/kg/news/2011