Мазмунга өтүү

Эльдар Абакиров

Википедия — ачык энциклопедия
Эльдар Абакиров
Абакиров Эльдар Курманбекович
Эльдар Абакиров
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 1981 жыл(1981)
Туулган жери: Каракол
Атасы: Абакиров Курманбек Абакирович
Апасы: Шарипова Бурул Шариповна
Партиясы: Альянс

Абакиров Эльдар Курманбекович - кыргыз саясатчысы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты[1].

Ал 1981-жылы 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган[2].

  • 1998-2002-жылдары– Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, математика факультети, «нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук» адистиги.
  • 2002-2004-жылдары – Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде «нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук» адистиги боюнча магистрлик даражасы ыйгарылган.
  • 2006-жыл – Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин механика-математика факультетинин аспирантура даражасына ээ болгон.
  • 2002-2004-жылдары. – Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, «Каржы жана насыя» адистиги боюнча сырттан артыкчылык менен аяктаган.
  • 2002-2003-жылдары – «Казакстан темир жолу» желеси үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүүгө катышкан.
  • 2003-2010-жж. – Казакстандагы БорборНасыя (ЦентрКредит) банкында иштеп, эмгек жолун ресурстарды башкаруу борборунун адисинен баштап, кийин Казыначылыктын директорунун орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.
  • 2008-жылы – Англияда квалификациясын жогорулаткан.
  • 2010-2011-жылдары – Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын банктарды көзөмөлдөө Башкармалыгынын алдында серепчи (эксперт) болуп иштеген. 2010-жылдан бери Кыргызстандын Жаш ишкерлер ассоциациясынын текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
  • 2011-2016-жылдары – Финансы боюнча мугалим, «Ала-Тоо» университети.
  • 2007-жылдан тартып Кыргызстанда ишкерлик менен алектенип келет.
  • 2016-2019-жылдары – КРнын экономика министринин орун басары кызматын аркалаган[3].
  • 2015-2016-жылдары – КРнын Соода-өнөр-жай палатасынын директорлор кеңешинин мүчөсү, коомдук-саясий ишмердүүлүк менен активдүү алектенип, аймактардагы билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган «Адилеттүү Келечек» коомдук фондун түптөгөн.
  • 2022-2024-жылдары – Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы боюнча жумушчу топтун мүчөсү, 2024-2027-жылдарга карата Кыргызстандын экспорт потенциалын өнүктүрүү программасын жазган топтун жетекчиси.
  • 2024-2025-жылдары – «Альянс» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты[4].

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

  1. Депутат Абакиров Эльдар Курманбекович
  2. Абакиров Эльдар Курманбекович — биография
  3. Замминистра экономики Эльдар Абакиров освобожден от должности
  4. Экс-замминистра экономики Эльдар Абакиров стал депутатом Жогорку Кенеша - Вести.kg