Элюар Поль
Көрүнүш
Элюар Поль (өз аты Эжен Грендель) (14. 12. 1895, Сен-Дени, Франдия - 18. 11.1952, Париж) - француз акыны. Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу.
1920-30-жылдары сюрреализмге ыктаган. «1936-жылдын ноябры» жана «Герниканын жеңиши» (1938) аттуу поэмаларында Испаниядагы фашизмди сындаган. «Турмуш өзү» (1932), «Эл үчүн роза» (1934), «Айтчумду айтсам калтырбай» (1951) деген лирикалык жыйнактарында дүйнөнү кайра куруу жана жарандык позиция жөнүндөгү ойлору берилген. Тынчтыктын эл аралык сыйл. лауреаты (1953).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4